Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-октябры № 9
Казыбек айыл аймагындагы жерлерди ижарага берүү жөнүндө
Казыбек айыл аймагы боюнча ижарага берилген бардык жерлердин мөөнөтү 2020-жылдын жаз айында бүтөт, кээ бир жарандарыбыз ижарага 50 гектарга чейин алышкан, бүгүнкү күнү дыйкандарда маселе жаралууда, ошондуктан бир үй-бүлөгө 5 гектарга чейин деп чек коюп берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл аймагы боюнча ижарага берилген бардык жерлердин мөөнөтү 2020-жылдын жаз айында бүтөт, кээ бир жарандарыбыз ижарага 50 гектарга чейин алышкан, бүгүнкү күнү дыйкандарда маселе жаралууда, ошондуктан бир үй-бүлөгө 5 гектарга чейин ижарага жер берилсин деген чек коюлсун.
2. Жерлерди ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн
жер жана айыл чарба боюнча башкы адиси М.Шермамбетовго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |