Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-октябры № 11
Казыбек айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин базалык ченемдерин көбөйтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337- беренесине ылайык айыл чарба багытындагы жерлердин базалык ченемдерин жылына бир жолу , үч эсеге чейин көтөрүүгө укук алган.Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлердин, жер тилкесин пайдаланууга Кз зоналдык коэффициенти 3 жылда бир жолу 0,3-1,2 коэффициентке чейин белгилей алат деп айтылган, ошондуктан айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн толтурууда кошумча булактарды табуу максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ат-Башы райондук салык башкармалыгынын жиберген сунуш катына ылайык айыл чарба багытындагы жерлердин базалык ченемдерин жылына бир жолу көбөйтүүгө жана айыл чарба багытында эмес жер тилкелерин зоналдык коэффициенти көтөрүлбөй тургандыгы белгиленсин.
2.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |