Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-ноябры № 1
«Муз-Төр» чек ара кызматына трансформатордук подстанция орнотууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Премьер министринин 2019-жылдын 25-майындагы иш сапарында «Муз-Төр» чек ара бөлүмүн өндүрүштүк электр энергия менен камсыздоо тапшырмасы коюлгандыктан , чек ара кызматкерлеринин жашоо шартын жакшыртуу максатында жана чек араны сапаттуу кайтаруу, мамлекеттик коопсуздук жана өндүрүштүк электр энергия менен камсыздоо үчүн , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтомунун негизинде трансформатордук подстанция орнотууга 0,03 (сотых) жерге убактылуу пайдалануу максатында , айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер министринин 2019-жылдын 25 - майагы иш сапарындагы тапшырмасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтому аткарууга алынсын.
2.Казыбек айыл аймагына тиешелүү Арпа өрөөнүндөгү “Муз-Төр” чек ара
бөлүмүн өндүрүштүк электр менен камсыздоо үчүн орнотууга 142,07 контурдагы вертолёт конуучу аянттын ичине 110 Квт трансформатордук подстанция орнотуу үчүн 0,03 (үч) сотых жерге мөөнөтсүз колдонууга уруксат берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн
башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |