Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-декабры № 3
Айыл аймактагы социалдык объектилерге интернетти орнотуу үчүн акча бөлдүрүү жөнүндө
“Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата Казыбек айыл аймагындагы калкты электрондук базага каттоо жана тиешелүү органдарга отчет, маалымат берүү үчүн айыл аймактагы социалдык обьектилерге кабелдик интернет тартуу максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата Казыбек айыл аймагындагы калкты электрондук базага каттоо жана тиешелүү органдарга отчет, маалымат берүү үчүн айыл аймактагы социалдык обьектилерге кабелдик интернет тартууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 25240,30 сом бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү жерге которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |