Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-декабры № 4
Казыбек айыл аймагындагы стадионго өздүк салымына акча каражатын бөлүү жөнүндө
Казыбек айыл аймагындагы “Т.Шаршенов” атындагы спорттук комплекстин жабык кичи футбол аянтчасын бүткөрүү үчүн, республикалык бюджет тарабынан (түрткү берүүчү) үлүштүк грантка киргизүүгө айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым бөлүп берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен спорттук комплекстине жабык кичи футбол аянтчасын бүткөрүү үчүн, республикалык бюджет тарабынан үлүштүк грантка киргизүүгө айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салымга 500000сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү жерге которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |