Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-декабры № 5
Казыбек айылында жаңы шайлоо участогун ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 26- сентябрындагы № 02-15/810 катына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Казыбек айылында шайлоочулардын саны 2500дөн ашып калуу мүмкүнчүлүгү болгондуктан , Казыбек айылында шайлоо участкасын жаңы ачуу максатында , айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 26- сентябрындагы № 02-15/810 катына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Казыбек айылында шайлоочулардын саны 2500дөн ашып калуу мүмкүнчүлүгү болгондуктан , Казыбек айылында Н.Үсөналиев орто мектеби жаңы шайлоо участкасы болуп ачылсын.
2. Казыбек айылында жаңы ачылган шайлоо участогу менен мурунку шайлоо участогунун чек араларынын кесилишүүсүнө жол берилбесин жана чек аралары такталып, толук маалыматтар менен жаңы участок ачуу жана чек аралардын өзгөрүшү боюнча тизмени аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлүнө жиберүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Садыковага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |