Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-декабры № 6
Айыл өкмөтүндөгү социалдык обьектилерге өрт өчүрүүчү шаймандарды толуктоо жөнүндө
Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү социалдык обьектилерде өрт өчүрүүчү шаймандар толук эмес болгондуктан, айыл өкмөтүнүн бюджетинен өрт өчүрүүчү шаймандарды толуктап алууга акча каражатын которуу максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү социалдык обьектилерде өрт өчүрүүчү шаймандар толук эмес болгондуктан, айыл өкмөтүнүн бюджетинен өрт өчүрүүчү шаймандарды алууга 25000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү жерге которуу жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |