Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-декабры № 7
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Баш-Келтебик” СПАна айыл чарба техникасын жана шаймандарын алууда өздүк салым берүү жөнүндө
Айыл аймагындагы “Баш-Келтебик” СПАна, Кыргыз Республикасынын Суу Чарба Департаментинин “Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүнүн жана тамак ашты жакшыртуу ” долбоорунун алкагында келе турган 30000 АКШ долларына, өздүк салым 10% кошуу керек, ошол себептүү айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салымга 3000 АКШ долларын бөлүп берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Айыл аймагындагы “Баш-Келтебик” СПАна, Кыргыз Республикасынын Суу Чарба Департаментинин “Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүнүн жана тамак ашты жакшыртуу ” долбоорунун алкагында келе турган 30000 АКШ долларына, өздүк салым 10% кошуу керек, ошол себептүү айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салымга 3000 АКШ доллары бөлүнүп берилсин, ага төмөндөгү айыл чарба техникасын жана шаймандары алынсын:
1. Трактор МТЗ-82 - 1 даана
2. Прицеп 4 тонналык – 1 даана
3. Соко - 1 даана
4. Консультант - 1 даана
5. Ноутбук ,принтер 3в1
2. Бөлүнгөн 3000 АКШ долларын тиешелүү жерге которуу жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |