Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-декабры № 8
Каратал - Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун 20.11.2019-жыл № 02-4/191 сандуу катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары Департаментине караштуу Каратал - Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун 20.11.2019-жыл № 02-4/191 сандуу катынын негизинде айыл өкмөтүнүн 30.04.2008-жылдагы № 4/2 сандуу токтому жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн 30.04.2008-жылдагы № 4/2 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу Чатыр-Көл көлүнүн көл баскан аянтынын жээгинен Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин 1989-жыл 31- мартындагы № 101 токтомунун негизинде такталган 1 км кургак жер аянты 3393гектар Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы ” деп белгиленсин.
3. Токтомго ылайык жерге ээлик кылуучу иш кагаздарына толуктоолорду каттоого алуу Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөргө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
4. Бул токтом менен Казыбек айыл аймагындагы бардык чарба жүргүзүүчү субьектилер, айыл тургундары тааныштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |