Загрузка документа…
СУУ БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-ноябры №54
2016-жылдын 12-майындагы №21 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Суу-Башы айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 12-майындагы V чакырылышынын кезексиз XXXVlll сессиясынын №21 токтомуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө Суу-Башы айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-октябрындагы кайрылуусунун негизинде Суу-Башы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Суу-Башы айыл Өкмөтүнүн Айгул-Таш айылынын аймагынан айыл өкмөтүнүн тургундарына турак-жайга 171 га жер участогун бөлүп берүүгө макулдук берүү бөлүгү 151,1 га болуп өзгөртүлсүн.
2. Суу-Башы айыл Өкмөтүнүн Айгул-Таш айылындагы мамлекеттик менчиктеги №2481, 2470, 2476, 2477, 2474, 2472, 2467,2467/, 2468, 2465, 2458, 2457, 2471, 2479 контурларындагы 50,4 га жайыт, №2436, 2466, 2470, 2480, 2484, 2479, 2478 контурларындагы 100,7 га кайрак кысыр аныз, жалпы 151,1га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтом боюнча тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жана аткаруу жагы Суу-Баш айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы жер турак жай маселелри боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Артыкбаев |