Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-ноябры № 58
“Ак-Буура Групп” ЖЧК тарабынан 40 МВТ кубаттуулуктагы ГЭСти курууга атайын токтом кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялаган жарлыгына ылайык “Ак-Буура Групп” ЖЧКнун 2020-жылдын 2-ноябрындагы №61/004 сандуу катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 92-беренесине таянып Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы айылындагы Сох дарыясына куйган Мамый суусунан 4 км аралыкта жайгашкан Талаа участкасына “Ак-Буура Групп” ЖЧК тарабынан кубаттуулугу 40 МВТ ГЭСти курууга макулдук берилсин.
2. “Ак-Буура Групп” ЖЧК тарабынан кубаттуулугу 40 МВТ ГЭСти курууга атайын токтом кабыл алуу үчүн тиешелүү иш-кагаздарын даярдап мыйзам чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы: |
А.Айдаров |
|