Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-ноябры № 60
Баткен облусунун, Баткен районунун Карабак айыл аймагынын Бай-Кара-Бак айылынын №495 контурундагы соц объектилердин курулушун жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө
Баткен облусунун, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Бай-Кара-Бак айылындагы калктуу конушунун ортосунда жайгашкан айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун эсебиндеги №495 контурунда жайгашкан 4,0 га жерлерди билим берүү, саламаттык сактоо объектерин жана дене тарбия ден соолукту чыңдоо комплекстерин куруу максатында «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери категориясына которуу трансформациялоо үчүн даярдалган башкы пландын негизинде курулуучу курулуштарга кетүүчү каржы маселесин чечүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Бай-Кара-Бак айылындагы айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун эсебиндеги №495 контурунда жайгашкан 4,0 га жерлерди билим берүү, саламаттык сактоо объектерин жана дене тарбия ден соолукту чыңдоо комплекстерин куруу максатында «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери категориясына которуу трансформациялоо үчүн даярдалган башкы планда көрсөтүлгөн курулуштарга акча каражаты Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2021-2022-2023-жылкы жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылоого макулдук берилсин.
2. Баткен облусунун, Баткен районунун Карабак айыл аймагынын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2021-2022-2023-жылдардагы бюджетине бекитүүгө сунушталсын.
3. Курулушка керектелүүчү каражаттарды бөлүү, Каржылоо жана сунуштоо Кара-Бак айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Баткен облусунун, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Кара-Бак айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Кеңешинин төрагасы: |
А.Айдаров |
|