Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 - шайланышынын 7 - кезектүү сессиясыны
2019-жылдын 26-декабры № 4
«Казыбек айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө» келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамынын 3- беренесине ылайык, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Казыбек айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишим тиркемеге ылайык бекитилсин жана келишим 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Казыбек айыл өкмөт аймагында аткаруу милдетине айыл өкмөттүн аскердик каттоо боюнча адиси Кулетова Айзада Замировнага бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Казыбек айыл өкмөтүнүн www.Kazybek.org/kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Д. Кайыпов |