КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 - шайланышынын 12 - кезексиз сессиясы
2020-жылдын 14-февралы № 2
Казыбек айыл аймагынан берилген жерлерди ижарага берүү жөнүндө
Казыбек айыл аймагынан берилген жерлерди ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүп, Жер Кодексинин 196-беренесинин 14-пунктунда көрсөтүлгөндөй ижарага жер берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактагы ижарага берилчү жерлер Жер кодексинин 196-беренесинин 14-пунктуна ылайык төмөндөгүдөй тартипте жердин категориясына жараша берилсин:
- чөп чабынды кайрак жерлер – 7 жылга ;
- сугат жерлер – 5 жылга.
2. Айыл аймактын ижарага берүү жерлерине аукцион өткөрүү жагы , айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарба боюнча башкы адиси М.Шермамбетовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төраганын орун басары | М. Дүшеев |