Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 - шайланышынын 12 - кезексиз сессиясы
2020-жылдын 14-февралы № 3
Шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү жөнүндө
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусу боюнча, «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын 19-22-беренелерине ылайык, Ат-Башы районунун Казыбек айыл аймагындагы № 4013 , № 4014 жана № 4173 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан, коомдук уюмдардан келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы районунун Казыбек айыл аймагындагы № 4013 , № 4014 жана №4173 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин жаңыртып түзүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан келип, түшкөн сунуштарга ылайык, тизмедеги жарандар № 4013, № 4014 жана № 4173 участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине киргизүүгө сунушталсын .
2. Сунушталган жарандардын тиешелүү документтери токтом менен бирге Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
Төраганын орун басары | М. Дүшеев |