Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 - шайланышынын 12 - кезексиз сессиясы
2020-жылдын 14-февралы № 4
Мектептин көмөкчү чарбасы жөнүндө
Жер кодексинин мыйзамында көрсөтүлгөндөй Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов орто мектептин көмөкчү чарбасына берилген жер мектепке ижарага калтыруу максатында , айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов орто мектебинин көмөкчү чарбасына берилген жер мектепке ижарага калтырылсын.
2. Ж.Кайыпов орто мектебинин пайдаланып жүргөн көмөкчү чарбасынын 10га жери мектептин ички керектөөсү үчүн пайдаланууга берилсин.
3. Көмөкчү чарбадан түшкөн кирешени ар бир жылда отчетун берип туруу жагы Ж.Кайыпов орто мектебинин директоруна милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана айыл чарба боюнча башкы адис М.Шермамбетовго тапшырылсын.
Төраганын орун басары | М. Дүшеев |