Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 - шайланышынын 13 - кезексиз сессиясы
2020-жылдын 24-марты №1
“ Таажывирус” илдетинин таралышын алдын алуу боюнча айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиевдин “Таажывирус” илдетинин республиканын аймактарында тарап кетүүсүнө бөгөт коюу боюнча тапшырмасынын жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Сатаровдун тапшырмасынын негизинде , Казыбек айыл аймагында “Таажывирус” илдетинин таралышын алдын алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлдүрүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл аймагында “Таажывирус” илдетинин таралышын алдын алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 541000 (беш жүз кырк бир миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү жактарга которуп берүү жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |