Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 - шайланышынын 13 - кезексиз сессиясы
2020-жылдын 24-марты №3
“ Таажывирус” илдетинин таралышынын алдын алуу боюнча айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн акча каражатынын сметасын иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиевдин “Таажывирус” илдетинин республиканын аймактарында тарап кетүүсүнө бөгөт коюу боюнча тапшырмасынын жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Н.Сатаровдун тапшырмасынын негизинде , Казыбек айыл аймагында “Таажывирус” илдетинин таралышын алдын алуу үчүн медициналык каражаттарды алууга смета иштеп чыгуу жана бул иштерди аткаруу боюнча комиссия түзүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл аймагында “Таажывирус” илдетинин таралышын алдын алуу үчүн медициналык каражаттарды алууга смета түзүү жана бул иштерди аткаруу жана көзөмөлдөө боюнча төмөндөгүдөй комиссия түзүлсүн:
К.Садыкова
Э.Керималиева
Т.Жакыпов
Э.Бактыгулов
М.Исаев
Ө.Базарбаев
Б.Белеков
2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |