Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 - шайланышынын 13 - кезексиз сессиясы
2020-жылдын 24-марты №4
Экотехинспекция салып кеткен айып пул жөнүндө
Казыбек айылындагы жаңы трасформаторлор, өз деңгээлинде, талапка жооп бербей (тегереги тосулбай, сырдалбай) коюлгандыктан, ошондой эле “Сибирь жарасы” чыккан жер толугу менен тосулбай калгандыктан, экотехинспекциянын текшерүүсүнүн негизинде салынган айып пулдарды төлөө үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлдүрүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айылындагы жаңы трасформаторлор, өз деңгээлинде, талапка жооп бербей (тегереги тосулбай, сырдалбай) коюлгандыктан,ошондой эле “Сибирь жарасы” чыккан жер толугу менен тосулбай калгандыктан, экотехинспекциянын текшерүүсүнүн негизинде салынган айып пулдарды төлөө үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен трансформаторго 13000 сом жана “Сибирь жарасы” чыккан жерге 23000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бөлүнгөн 13000сом жана 23000сом акча каражатын тиешелүү жерге которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |