Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) XXIV сессиясы
2019-жылдын 30-декабры № 108
Кош Булак айыл өкмөтүнө караштуу жылуулук эксплуатациялоо борборунун (ТЭЦ) имаратын, бүт шаймандары жана имаратка тиешелүү жер участкасын Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн балансына алуу жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 21-ноябрындагы №01-12/14-1591 чыгыш сандуу Кош Булак айыл өкмөтүнө караштуу жылуулук эксплуатациялоо борборунун (ТЭЦ) имаратын, бүт шаймандары жана имаратка тиешелүү жер участкасын Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн балансына алуу жөнүндөгү каты боюнча шардык кеӊештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап “Кыргыз Республикасынын мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5, 6 беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кош Булак айыл өкмөтүнө караштуу жылуулук эксплуатациялоо борборунун (ТЭЦ) имаратын, бүт шаймандары жана имаратка тиешелүү жер участкасын Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн балансына алууга макулдук берилсин
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
| К. Исмаилов |