Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) XXIV сессиясы
2019-жылдын 30-декабры № 114
Карабаев Исманали Жумабаевичке “Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Карабаев Исманали Жумабаевичке “Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү шаардык мэриянын 2018-жылдын 4-апрелиндеги №02-10/01-354 чыгыш сандуу каты тууралуу Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү сыйлыктарына сунуштоо боюнча комиссиянын, шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарынын негизинде, “Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү сыйлыктарын ыйгаруу боюнча Жобосунун” талаптарына ылайык Сүлүктү шаарынын экономикасын көтөрүүгө жана өндүрүш тармагына кошкон зор салымдары үчүн депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Карабаев Исманали Жумабаевичке “Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. “Ардактуу атуул” наамын тапшырууну уюштуруу жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К. Исмаилов |