Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 115
Сүлүктү күрөӊ көмүр кени чыккан жер “Сүлүктү 11 талаа” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан Сүлүктү күрөӊ көмүр кени чыккан жер “Сүлүктү 11 талаа” тилкеси конкурстан сатууга коюлгандыгына байланыштуу Сүлүктү шаарынын депутаттары 2019-жылдын 30-декабрындагы XXIV сессиясында талкуулап Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 3-февралындагы №18 “Көмүр жөнүндө” Мыйзамынын 10 беренесинин негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сүлүктү күрөӊ көмүр кени чыккан жер “Сүлүктү 11 талаа” тилкесин конкурстан сатууга коюуга Сүлүктү шаардык кеӊешинин депутаттарынын макул эместиги Кыргыз Республикасынын өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине билдирилсин
2. Токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жиберилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.
Төрага |
| К. Исмаилов |