Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
2019-жылдын 16-октябры № 88
Халмион айыл өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Кадамжай райондук башкармалыгы ортосунда түзүлгөн келишим жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Берилген айрым мамлкеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттардин көлөмү эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Кадамжай райондук башкармалыгы менен Халмион айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишим жөнүндөгү экономика каржы бөлүмүнүн башчысы Ш.Бадаловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Халмион айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы №715 токтомунун негизинде айрым укуктарды өткөрүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Кадамжай райондук башкармалыгы менен Халмион айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Келишимдеги милдеттенмелерди көрсөтүлгөн шарттарда аткаруу жагы Халмион айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Г.Матажиев |