Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-ноябры №32
Ак-Татыр айыл өкмөтү менен Баткен райондук Жарандык абалды каттоо кызматынын ортосундагы типтүү келишимди бекитүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтү менен Баткен райондук Жарандык абалды каттоо кызматынын ортосундагы типтүү келишимди бекитүү жөнүндө айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Маматалиев Кудайбердинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Татыр айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтү менен Баткен райондук Жарандык абалды каттоо кызматынын ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Жарандык абалдын актыларын каттоо депортаменти тарабынан өткөрүлүп берилүүчү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн айыл өкмөтүнүн штаттык тизмесинен 1 (бир) штат бирдиги жогорку адис бөлүнсүн.
3. Өткөрүлүп берүүчү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга кеткен чыгымдар Республикалык бюджеттен бөлүнүүчү трансферттердин эсебинен каржылана тургандыгы белгиленсин.
Төраганын орун басары |
Зарматова З.
|