Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-ноябры №33
“Кызыл туу” газетасынын кайра иштешине колдоо көрсөтүү жөнүндө
Баткен райондук мамлекеттик админстрациясынын 13.11.2019-жылдагы №01-22/1357 катынын негизинде, Баткен районунун райондук газетасы болуп эсептелген “Кызыл туу” газетасынын кайра иштешин жандандыруу максатында жасалып жаткан аракеттер жөнүндө Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун баяндамасын угуп жана талкуулап Ак-Татыр айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айылдык кеӊеши “Кызыл туу” газетасынын райондук газета катары иштеп турушун колдойт.
2. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жалпы калкынын атынан” Кызыл туу “ газетасынын иштеши жөнүндө жогорку органдардан өтүнүү жагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовго тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
Зарматова З. |