Редакцияот 12.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы

 

2019-жылдын 12-марты № 2

Масалиев айыл өкмөтүнүн үстү жагы менен Кадамжай шаарынын территориясына чейин Исфайрам дарыясынан суу тартуу боюнча проектик изилдөө иштерине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Майдан айылдык кенеши Эгембердиев Тнын кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 18-беренесинин 4-тайпасынын негизинде Майдан айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кадамжай шаарынын территориясына чейин Исфайрам дарыясынан суу тартуу боюнча проектик изилдөө иштерине айыл өкмөтүнүн бюджетинен Майдан айыл өкмөтүндөгү өздөштүрүлө турган жерлердин өлчөмүн эске алуу менен акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.    Ушул токтомдун аткарылышы  айыл өкмөткө жүктөлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин каржы бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Тагаев