Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2019-жылдын 12-марты № 5
ОсОО Балчы Жоошев Абдибап Алановичтин Аустам, Камыша жайлоосунан алтын кенин изилдөө үчүн инвестор алып келүү боюнча кайрылуусу жөнүндө
ОсОО Балчы Жоошев Абдибап Алановичтин кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып Майдан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоошев Абдибап Алановичтин Аустам, Камыша жайлоосунан алтын кенин изилдөө үчүн инвестор алып келүүсүнө уруксат берилбесин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тоо-кен иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Тагаев |