Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-августу № 11
Уч-Коргон Дароот-Коргон мамлекеттик стратегиялык автожолун куруу жөнүндө
Уч-Коргон-Дароот-Коргон мамлекеттик стартегиялык автожолунун Гулдама участкасындагы 2,4 км аралыгына асфальт төшөө жана Ак-Гоорум-Майдан каналынын Ак-Гоорум участкасындагы кечүүгө автоунаа өтүүчү көпүрөө куруу максатында:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Коргон-Дароот-Коргон мамлекеттик стартегиялык автожолунун Гулдама участкасындагы 2,4 км аралыгына асфальт төшөө жана Ак-Гоорум-Майдан каналынын Ак-Гоорум участкасындагы кечүүгө автоунаа өтүүчү көпүрөө курулсун.
2. Уч-Коргон-Дароот-Коргон мамлекеттик стартегиялык автожолунун Гулдама участкасындагы 2,4 км аралыгына асфальт төшөө жана Ак-Гоорум-Майдан каналынын Ак-Гоорум участкасындагы кечүүгө автоунаа өтүүчү көпүрөөнү куруу жагын лицензиялык келишимде көрсөтүлгөн боюнча “Беш-Арча”ЖЧКсына милдеттендирилсин.
3. Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы Кадамжай райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Тагаев |