Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 18
Майдан айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жылдын жылдагы кирешелердин коэфциенттерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21-декабрь 2011-жыл №14-6/309 сандуу катына негиз жер салыгы жана 1-2-3- топтогу мүлк салыктарынын жүргүзүү айылдык кеңештерге жүктөлгөндүктөн ,сессияда каралып КР Салык Кодексинин 342-беренелерине ылайык, ошондой эле 337,338,339 жана 341- беренелерине ылайык эсептелүүсүн карап чыгып талкуулап айырым депутаттардын сунушун угуп, сессия төмөнкүдөй :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагындагы калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына орун албаган пайдалангандыгы үчүн жер салыгын 1-2-3- топтогу мүлк салыктарын диференциялоодо колдонуучу К-3 экономикалык баалоо коэфциенти 2020-жылга төлөнүү 1,2 өлчөмдө бекитилсин.
2. 2020-жылдын январь айынан тартып Майдан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү салыктары (жер салыгынын, мүлк салыгынын 1-2-3-топтору) киргизилсин.
3. Таштандыларды ташып чыгаруу боюнча төлөмдөрү бир кожолукка 50 (элүү) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Башка төлөмдөрдүн коэфциенти 2019-жылдын өлчөмүндө калтырылысын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Тагаев |