Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры № 19
Майдан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2020-жылга бюджетин, иш планын, жайыт комитетинин штаттык бирдигин жана жайыт акысын бекитип берүү жөнүндө
Майдан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2020-жылга бюджетин, иш планын, жайыт комитетинин штаттык бирдигин жана жайыт акысын бекитип берүү максатында:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2020-жылга бюджети 527 980 (беш жүз жыйырма жети миң тогуз жүз сексен) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Майдан айыл аймагынын жайыт комитетинин иш планы жана штаттык бирдиги бекитилсин.
3. Майдан айыл аймагынын жайыт акысы алты айга төмөндөгүдөй болуп бекитилсин: Майда мал-30 сом,бодо мал-150 сом,жылкы-300 сом,топоз-200 сом, ал эми баш айыл аймагынан келген малдарга эки эсе тарифте алынсын жана жайытты башка максатта пайдалануу үчүн 1 сотых жер аянтына 30 сом.
4. Майдан айыл аймагынан өткөн малдарга жайыттан пайдалангандыгы үчүн ар бир мал башына 5 сом жайыт акысы алынсын.
5. Майдан жайыт комитетинин 2020-жылдык бюджетинин айыл өкмөткө калуучу 3/1 бөлүгү (175 993 сом) жайыт инфрастурктурасына жумшалсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Тагаев |