Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры № 20
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 25.12.2019-ж №23-1/8565 сандуу катын угуп жана талкуулап чыгып Майдан айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Келишим бекитилсин.
Майдан айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ушул бекитилген Келишимге негиз жүргүзсүн.
Ушул токтомдун аткаруу жагы Майдан айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Тагаев |