Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 26
ООО “Нур Телеком” ишканасынын Майдан айыл өкмөт аймагындагы байланыш мунаралары турган жер аянтынын келишимдери жана ижара төлөмү жөнүндө
ООО “Нур Телеком” ишканасынын Майдан айыл өкмөт аймагындагы байланыш мунаралары турган жер аянтынын келишимдери жана ижара төлөмдөрүн мыйзамдаштыруу максатында:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөт аймагынын Майдан айылындагы Кара-Чоку участкасындагы байланыш мунарасы боюнча 2019-жылдын май айында түзүлгөн келишим күчүндө калтырылсын, төлөмү келишимдеги 3 миңден жайытты башка максатта пайдаланууга төлөнсүн.
2. Айыл өкмөт аймагындагы Кереге-Таш айылындагы байланыш мунарасы боюнча келишим жандандырылып, төлөм акысы 5 миң сом өлчөмүндө жайытты башка максатта пайдаланууга төлөнсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Тагаев |