Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-декабры №36
Самаркандек айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасына “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө ” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык,Мыйзам жана укук маселелери боюнча турактуу комиссиянын баяндамасында сунуш угуп жана талкуулап,Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасына Өкмөтүнө караштуу Мамлекетти каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Самаркандек айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишим №1 тиркемеге ылайык бекитилсин жана келишим 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
2. Кыргыз Республикасына Өкмөтүнө караштуу Мамлекетти каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы аткаруу милдетине айыл өкмөтүн жооптуу катчысы С.Мамаяровага бекитилсин.
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гапаровго милдеттендирилсин.
Сессиянын төрагасы: | М. Тулаев |