Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы № 4
Жеке менчик жерлерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын жеке менчик жерлерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын тургундары Д.Анарботоевдин 0,40га, А.Туратовдун 0,08га, З.Абдурахманованын 0,06га жана А.Алдабердиевдин 0,06га жалпы 0,60га жеке менчиктеги өндүрүштүк багыттагы жерлерин турак жай багытына которууга макулдук берилсин.
2. Жер тилкелерин мыйзамдаштырууда иш-кагаздарын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик-укуктук актыларына ылайыкташтыруу жагы Исфана шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.И.Тагаев |