Редакцияот 28.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы

 

2020-жылдын 28-февралы № 5

Исфана шаарынын вице мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө

Исфана шаарынын вице мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1.    Исфана шаарынын тургуну М.М. Якубовду Исфана шаарынын вице мэри кызматына дайындоого макулдук берилсин.

2.    Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

Б.И.Тагаев