Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-декабры №147
45 батирлүү үйдүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кадамжай шаарынын аймагында бюджеттик насыя эсебинен 45 батирлүү үйдүн курулушу бүткөндүктөн батирлер 2011-жылы жер титирөөдөн жабыркаган тургундарга 15 жылдык мөөнөт менен таратылат. Шаардык кеёеш кеёештин каржы, бюджет жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 45 батирүү үйдүн подвалы жана жылуулук системасы жалпы 14000061 (он төрт миллион алтымыш бир) сом баланстык баасы менен Кадамжай шаардык мэриясынын муниципалдык мүлкүнө катталсын.
2. 1 бөлмөлүү батирдин баасы 931334,68 (тогуз жүз отуз бир миё үч жүз отуз төрт сом 68 тыйын), 2 бөлмөлүү батирдин баасы 1396590 (бир миллион үч жүз токсон алты миё беш жүз токсон) сом, 3 бөлмөлүү батирдин баасы 1902059 (бир миллион тогуз жүз эки миё элүү тогуз) сом болуп бекитилсин.
3. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жергиликтүү бюджет эсебинен 3 (1 бөлмөлүү) батирди тапшырууга уруксат берилсин. Батирдин акчасы төлөнүп бүткөндөн кийин батир муниципалдык мүлкө катталсын.
4. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеёештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |