Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы
2019-жылдын 3-декабры №150
“Кадамжай Сурма Комбинаты “ ААКнун жер пайдалануу мөөнөтүн кыскартуу жөнүндө
Кадамжай шааардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын 2019-жылдын 3- декабрындагы № 1-435 сандуу кайрылуусун карап чыгып «Кадамжай Сурма Комбинаты» ААКмунда 6 жылдан бери өндүрүш токтоп, ошондой эле комбинат тарабынан лицензиялык келишимдин бир да пункту аткарылбай келгендигин баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 5-беренесинин 3-пунктунун, 7-беренесинин 3-пунктунун негизинде комбинаттын жер пайдалануу мөөнөтүн кыскартуу боюнча маселени карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“Кадамжай Сурма Комбинаты” Ачык Акционердик Коомунун жер пайдалануу мөөнөтү 5 жыл деп белгиленсин. 2024-жылдын декабрь айына чейин.
Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |