Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-декабры №152
Шаардын калкын таза суу менен камсыздоо үчүн ЕӨРБнын (Европалык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы) программасына кошулуу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши “Кадамжай Сууканал” муниципалдык ишканасынын кайрылуусун, шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын ЕӨРБнын программасына кошулуу боюнча сунушун талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаары таза суу боюнча ЕӨРБнын программасына кирүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Б.Бегалиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт, каржы, бюджет, пландоо жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |