Редакцияот 23.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы

 

2019-жылдын 23-декабры №155

Аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө

Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди сунуштоо максатында шайлоочулар жана жамааттардын чогулуштарынын протоколдорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык комиссиялар жөнүндөгү» мыйамына ылайык Кадамжай шаардык кеңеши   

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Кадамжай аймактык шайлоо комиссияснын мүчөлүгүнө Кадамжай шаарынын шайлоочуларынын жана жамааттарынын атынан көрсөтүлгөн төмөнкү талапкерлер сунушталсын:

-Абжапарова Батма Маматовна 1980 –жылы туулган, улуту кыргыз, билими жогорку.

-Маматалиев Алибек Мажитович 1958-жылы туулган, улуту кыргыз, билими жогорку.

-Хасенова Гульсара Сартбаевна 1965-жылы туулган, улуту кыргыз, билими атайын орто.

-Идирисов Сражидин Токтосунович 1968-жылы туулган, улуту кыргыз, билими жогорку.

-Омурзаков Тилек Рахманалиевич 1981-жылы туулган, улуту кыргыз, билими жогорку.

 2 Ушул токтом Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясына жиберилсин.

 

Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы

 

Э.Ураимов