Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры №156
КРнын финансы министрлигинин “үлүштүк дем берүү” гранты аркылуу Кадамжай шаарынын аймагынан тартып Жийделик участкасына жана Аңкур-Сай участкаларына түнкү жарыткычтарды орнотууга өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын 2019-жылдын 18-декабрындагы 1-460 номериндеги кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып, жогорудагы проект 2019-жылдын эсебинен өтпөй калгандыгына байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кадамжай шаарынын Аңкур-Сай участкасына түнкү жарыткычтарды орнотууга 1 197 748 (бир миллион бир жүз токсон жети миң жети жүз кырк сегиз) сомду түзгөн сметалык долбоордун 263 504 (эки жүз алтымыш үч миң беш жүз төрт) сом өздүк салымды төлөө үчүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Кадамжай шаарынын аймагынан тартып Жийделик участкасынын жол четине түнкү жарыткычтарды орнотууга 4 498 541 (төрт миллион төрт жүз токсон сегиз миң беш жүз кырк бир) сомду түзгөн сметалык долбоордун 1 498 541 (бир миллион төрт жүз токсон сегиз миң беш жүз кырк бир) сомдук өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |