Редакцияот 23.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы

 

2019-жылдын 23-декабры №157

Кадамжай шаардык мэриясыны мамлекеттик социалдык заказга киргизүү жөнүндө

 Кадамжай шаардык кеңеши шаардык мэриянын 2019-жылдын 18-декабрындагы 1-460 номериндеги кайрылуусун карап чыгып, КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 19-20-пункттарынын негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.    Кадамжай шаардык мэриясыны мамлекеттик социалдык заказга киргизүү үчүн 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.    Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы

 

Э.Ураимов