Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №27/108
Ар түрдүү маселелер жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин депутаттары тарабынан көтөрүлгөн маселелерди карап жана талкуулап чыгып, көтөрүлгөн маселелер шаар калкы үчүн эӊ зарыл болгондугун эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маселени кароодо шаардык кеӊештин депутаттары тарабынан берилген суроолоруна тийиштүү кызматтардан жооптор алынсын, ал жооптор депутаттарга жеткирилсин.
2. Европа Биримдигинин жана Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын каржылоосунда Кызыл-Кыя шаарынын жашоочуларын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашырууда үнөмдөлгөн 700,0 миӊ евро каражатын шаардын «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын муктаждыгына сарптоо маселеси шаардык кеӊештин Ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын жана Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда Евро Биримдиктин консультантынын катышуусунда каралсын.
3. Кызыл-Кыя шаарынын «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын Европа Биримдигинин жана Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын каржылоосунда Кызыл-Кыя шаарынын жашоочуларын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашырууда үнөмдөлгөн 700,0 миӊ евро каражатын административдик имарат куруу боюнча сунушун токтоосуз артка чакыртып алуу жагы шаардын мэри Э.Топчубаевге жана «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Сатыбалдыевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрайымынын орун басары А.Мамадиевге, шаардык кеңештин Ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча жана Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |