Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №27/109
Кызыл-Кыя шаарынын Токтогул көчөсүндөгү жаңы бүткөрүлгөн спорт залга Таштемир ажынын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019–жылдын 04–декабрындагы №49 протоколунун чечимин, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин 2019–жылдын 03–октябрындагы №01-8/1818 кайрылуу катын жана шаардын Токтогул көчөсүндөгү жаӊы бүткөрүлгөн спорт залдын түптөлүшүнө Калбаев Таштемир ажынын балдарынын кошкон салымдарын эске алып, атасы Таштемир ажынын ысымын түбөлүккө калтыруу жана анын басып өткөн жолун жаш муундарга өрнөк катары көрсөтүү максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын Токтогул көчөсүндөгү жаӊы бүткөрүлгөн спорт залга Таштемир ажынын ысымы ыйгарылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |