Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №27/110
Кызыл-Кыя шаарынын Жин-Жиген айылындагы мечиттерди мамлекеттик каттодон өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019–жылдын 04–декабрындагы №49 протоколунун чечимин жана Кызыл-Кыя шаардык хатибиятынын шаардык кеӊешке 2019–жылдын 28–ноябрында кириш болуп катталган кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ::
1. Кызыл–Кыя шаарынын Жин-Жиген айылындагы «Чоӊ Жин-Жиген» жана «Кичине Жин-Жиген» мечиттерин мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |