Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 27-сессиясы
2019-жылдын 25-декабры №27/111
Кызыл–Кыя шаарынын прокуратурасынын 2019-жылдын 14-ноябрындагы №11/1496-19 «Ченемдик укуктук актыларды бузууну четтетүү жөнүндө» сунушу тууралуу
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна жана «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2017–жылдын 02–августундагы №164 Мыйзамына негиз, Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасынын 2019-жылдын 14-ноябрындагы №11/1496-19 “Ченемдик укуктук актыларды бузууну четтетүү жөнүндө” сунушунда көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды жоюу жана аларды мындан ары болтурбоо максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ::
1. Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасынын 2019-жылдын 14-ноябрындагы №11/1496-19 “Ченемдик укуктук актыларды бузууну четтетүү жөнүндө” сунушу эске алынсын жана Кыргыз Республикасынын 2017–жылдын 02–августундагы №164 Мыйзамы шаардык кеӊештин депутаттары тарабынан аткарууга алынсын.
2. «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2017–жылдын 02–августундагы №164 Мыйзамынын талаптарын түшүндүрүү боюнча шаардык кеӊештин депутаттары жана аппараты менен окутуу уюштуруу жагы шаардык кеӊештин аппаратынын жетекчиси Р.Абдукаюмовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |