Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №27/112
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жана жаштар борборунун шаарда спорт тармагын өнүктүрүү, жаштарды сергек жашоого, спорт менен машыгууга тартуу жана ыймандуулукка чакыруу боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2019–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019–жылдын 05–декабрындагы №23 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2019–жылдын 10 айында шаарда спорт тармагын өнүктүрүү, жаштарды сергек жашоого, спорт менен машыгууга тартуу жана ыймандуулукка чакыруу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы А.Таштемировдун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мэрине сунушталсын:
– шаардын Т.Кулатов атындагы борбордук стадионун ремонттоо, спортчулар үчүн заманбап жуунучу бөлмөлөрдү куруу жана башка шарттарды түзүү боюнча иштерди өзүнүн 2020–жылда аткарылуучу иш–мерчемдеринин тизмесине киргизүү жагы;
– шаардын 2020–жылга жергиликтүү бюджетине жаштар иштери боюнча 1,0 (бир) адистин жана Ак–Булак айылындагы спорт залга 1,0 (бир) зал башчысынын штаттык бирдиктерин кароо жагы.
3. Кызыл–Кыя шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчилигине (А.Таштемиров) милдеттендирилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019–жылдын 18–октябрындагы № 562 токтому менен бекитилген 2020–2030–жылдарга жаштар саясатынын Концепциясын шаарда ишке ашыруунун үстүндө жаштар борбору менен биргеликте иштерди алып баруу жагы;
- шаарда жаӊы курулуп пайдаланууга берилген спорт залдарын эффективдүү пайдалануу менен шаарда спорт тармагын өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жагы;
- шаардын Нигматулин көчөсүндөгү маданият сарайынын имаратындагы спортчулар үчүн жуунучу бөлмөнү оӊдоп түзөө иштерин 2020-жылдын жергиликтүү бюджетине киргизүү жагы;
- жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, улуттар аралык мамилелерди чыӊдоо максатында, жаштар борбору менен биргеликте тренингдерди, тегерек столдорду, жайкы лагерлерди жана башка иш чараларды уюштуруу жагы;
- шаарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине жаштарды тартуу жагы.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |