Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №27/113
Кызыл-Кыя шаарынын билим берүү мекемелеринин иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2019–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019–жылдын 05–декабрындагы №23 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл–Кыя шаарынын билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Матосмонованын маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.А.Топчубаевге сунушталсын:
-шаардын 15-кичи районундагы №3 толук эмес орто мектебинин ашканасынын имаратын куруп бүтүрүү;
-шаардагы мектептердин жана бала бакчаларынын имараттарына өрт чыккандыгын кабарлоочу (пожарная сигнализация) жабдууларды орнотуу;
-Балдар бакчаларына интернет байланышы үчүн төлөнүүчү акча каражатын киргизүү;
-№ 9 орто мектебинин филиалынын имаратынын чатырын алмаштыруу;
-№1 бала бакчанын имаратына ички санитардык түтүкчөлөрүн орнотуу.
3. Кызыл–Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигине (Д.Матосмонова) милдеттендирилсин:
-шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте “мектеп рекети”, жогорку класстардын окуучулары төмөнкү класстардын окуучуларына көрсөтүлүүчү зомбулуктардын, окуучулардын топторунун мектептер арасындагы мушташуулардын жана башка тартип бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка жол бербөө багытында профилактикалык иштерди жүргүзүү жагы;
“-Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, ата-энелер тарабынан шаардын мектептериндеги окуучулардын кыймыл аракетине, окуу-тарбиялык иштердин жүргүзүлүшүнө көзөмөл жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында, “Электрондук күндөлүк” программасын киргизүү иштерин билим берүү мекемелерине сунуштоо жагы;
- жаштарга билим берүүдө инновациялык ыкмаларды пайдаланып билим берүүнүн деңгээлин, сапатын жогорулатуу жана Жалпы Республикалык тестирлөөгө окуучуларды даярдоодо максаттуу иштерди алып баруу жагы.
4. Сессияга маселени даярдоодо шаардык кеӊеш тарабынан суралган окуу-тарбия иштери жөнүндө маалыматты өз убагында бербегендиги үчүн №70 кесиптик лицейдин директору С. Парпиевге эскертүү берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |