Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №27/114
Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы саламаттыкты сактоо багытында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө
1. Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2019–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019–жылдын 05–декабрындагы №23 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарындагы жалпы саламаттыкты сактоо багытында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө шаардын вице-мэри А.Маткалыковдун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.А.Топчубаевге сунушталсын:
– шаардын аймактык ооруканасынын психоневрология бөлүмүн шаардын И.Жусубалиев (Первомайская) көчөсүндөгү райондор аралык кургак учукка каршы ооруканасынын сөөк оорулары (костный) бөлүмүнүн имаратына жылдыруу маселесин кароо жагы;
– шаардын ҮМБна жаӊы үлгүдөгү «Медициналык тез жардам» автоунаасын сатып алуу маселесин шаардын 2020–жылга жергиликтүү бюджетине киргизүү жагы;
– шаардын №3-4 үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна (ГСВ) жаӊы имарат куруу үчүн жер тилкесин табуу жана имаратты курууга инвесторлорду тартуу жагы;
– шаардын аймактык ооруканасына караштуу төрөт бөлүмүнүн жылытуу системасынын от казанын (кочегаркасын) имараттын подвалынан сыртка алып чыгарууга АПУ, ИТУ башка документтерди даярдоого көмөк көрсөтүү жагы;
– шаардын ҮМБна караштуу №5-6- жана №7-үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ГСВ) имаратынын жылуулук системасын куруу жана электр чубалгыларын алмаштыруу иштерин 2020-жылдын иш планына киргизүү жагы.
– шаардын стоматологиялык эмканасына актовый зал курууга жер тилкесин бөлүп берүү, АПУ жана башка документтерди даярдоого жана жер төлөсүн таштандылардан тазалатып, тешилген суу түтүктөрүн алмаштырууга көмөк көрсөтүү жагы.
3. Кызыл–Кыя шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилерине (Т.Исаев, Ж.Рахматулаев, А.Саматов, З.Абдрахманова жана М.Маматеминов) милдеттендирилсин:
– Кыргыз Республикасынын калктын ден соолугун сактоо жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүү багытындагы аракеттеги («Дени сак адам-гүлдөгөн өлкө», «Туберкулез V», «Электрондук саламаттык сактоо» жана башка) программалардын алкагында калкты медициналык жактан тейлөөнүн сапатын, деңгээлин жогорулатуу жана медициналык тейлөөнүн калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана саламаттык сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын чыӊдоо боюнча иштерди жүргүзүү жагы;
– шаардык кеӊештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019–жылдын 05–декабрындагы №23 протоколунун чечимин аткарууга алуу жагы;
– саламаттыкты сактоо мекемелеринде, алардын бөлүмдөрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ММКФ тарабынан акысыз берилүүчү дары-дармектердин, медикаменттердин жана медициналык материалдардын тизмелерин илип коюу жана аларды жума сайын жаңылап туруу иштерине көзөмөл жүргүзүү жагы;
– инфекциялык (кутурма, сибирь жарасы ж.б.у.с.) ооруулардын алдын алуу максатында, калк арасында профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин туруктуу жүргүзүүнү активдештирүү жагы.
4. Кызыл–Кыя шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчилигине (З.Абдрахманова) милдеттендирилсин:
– жугуштуу ооруулардын алдын алуу максатында, менчигинин түрүнө карабай медициналык кызматкерлердин, билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин жана тамак-аш сатуучу жайлардын кызматкерлеринин санитардык кароодон өтүп, санитардык китепчелеринин толтурулуусуна көзөмөлдү күчөтүү жагы;
– көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрүн, коомдук тамактануучу жайларды, таштанды таштоочу жайларды жана мүрзөлөрдүн аймагын мезгили менен дезинфекциялоо (дератизациялоо) иштерин жүргүзүү жагы.
5. Кызыл–Кыя шаарынын стоматологиялык эмканасынын жетекчилигине (М.Маматеминов) акыркы мезгилде калк арасында кескин түрдө көбөйгөн гепатит ооруусунун жана башка жугуштуу ооруулардын санын кыскартуу максатында, оорууларга аяр мамиле жасоону, эмканада колдонуучу медициналык аппараттардын дезинфекциялоодон өтүүсүнө өзгөчө көзөмөл жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |