Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5- апрелиндеги №157 Жарлыгы менен бекитилген Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кењеш жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кењеш(мындан ары - Улуттук кењеш) өлкөнүн жалпы мамлекеттик маанилүүстратегиялык документтеринде аныкталган милдеттерди турмушка ашыруунункатышуучуларынын биргелешкен ишин камсыз кылуучу кењешүүчү орган болупсаналат. 2. Улуттук кењештин персоналдык курамын жана анын санын КыргызРеспубликасынын Президенти аныктайт. 3. Улуттук кењеш төмөнкүдөй принциптерде аракеттенет: - патриотизм жана натыйжа үчүн жоопкерчилик; - коомдун бардык катмарларынын өкүлчүлүгү; - Улуттук кењештин мүчөлөрүнүн тењ укуктуулугу; - кесипкөйлүк; - иштин ачыктыгы. 4. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынынмыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ушул ЖобоУлуттук кењештин ишинин укуктук негизин түзөт. II. Улуттук кењештин максаттары жана негизги милдеттери 5. Улуттук кењештин миссиясы Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүүмилдеттерин натыйжалуу турмушка ашырууну камсыз кылууда турат. 6. Улуттук кењештин стратегиялык максаттары болуп төмөнкүлөрсаналат: - Кыргызстанды өнүктүрүүнүн стратегиялык милдеттерин турмушкаашыруу процессин жалпы координациялоону жана башкарууну камсыз кылуу; - Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын үзгүлтүксүздүгүн, жолунжолдоочулугун жана бүтүндүгүн камсыз кылуу; - Кыргызстанды өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүү жана стратегиялыкмилдеттерин аткаруу үчүн коомду баш коштуруу. 7. Улуттук кењештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлер саналат: - Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясында Кыргызстан калкынынталамдарын чагылдыруу жана турмушка ашыруу; - өлкөнү өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүүгө жана стратегиялыкмилдеттерин аткарууга жигердүү көмөктөшүү; - Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү милдеттерин турмушка ашыруубоюнча катышуучулардын аракеттерин координациялоону камсыз кылуу; - өлкөнү өнүктүрүү боюнча стратегиялардын долбоорлорун бекитүүбоюнча чечимдерди талкуулоо жана иштеп чыгуу; - Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясында аныкталган максаттардыжана милдеттерди коррекциялоо боюнча сунуштарды талкуулоо жана иштепчыгуу; - Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруу үчүн КыргызРеспубликасынын ченемдик укуктук базасынын бүтүндүгүн, адекваттуулугунжана карама-каршылыктуу эместигин камсыз кылуу; - Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруунун жүрүшүнталкуулоону камсыз кылуу; - Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруу боюнчажетишилген натыйжалар жөнүндө калктын кењири катмарларына маалымдоо. III. Улуттук кењештин милдеттери 8. Улуттук кењештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - Кыргыз Республикасынын туруктуу саясий, социалдык жанаэкономикалык өнүгүшүнө көмөктөшүү; - өлкөнүн натыйжалуу өнүгүшү үчүн туруктуу шарттарды камсызкылууга көмөктөшүү; - өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууну, турмушка ашырууну жанаалардын аткарылышына контролдук кылууну уюштуруу; - натыйжалуу жана ачык мамлекеттик башкарууну камсыз кылуушарттарын жана механизмдерин түзүүгө көмөктөшүү; - аткаруу бийлигинин ачык, айкын, жеткиликтүү жана жөнгө салынгансистемасын түзүүгө көмөктөшүү; - көзкарандысыз сот системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү; - мыйзам чыгаруунун ачык, айкын жана жеткиликтүү системасынтүзүүгө көмөктөшүү; - мамлекеттик башкаруу структураларынын ортосунда өзарааракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү; - мыйзам чыгаруу процесстерине Кыргызстандын жарандарынынкатышуусун камсыз кылуу; - мыйзамдык базаны өркүндөтүүгө көмөктөшүү; - демократиялык институттарды жана жарандык коомду өнүктүрүнүстимулдаштыруу боюнча чараларды турмушка ашыруу; - Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын максаттарына жанамилдеттерине ылайык адамдык ресурстарды өнүктүрүүнү камсыз кылуу; - топтордун жана инсандын социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу; - жеке ишкерлик принциптерине негизделген рыноктук экономиканыөнүктүрүүгө көмөктөшүү; - Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын максаттарына жанамилдеттерине ылайык донордук жардамды координациялоо; - бюджеттик процессти өркүндөтүүгө көмөктөшүү; - Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашырууга жарандыккоомдун бардык катмарларынын жигердүү катышуусун камсыз кылуу; - Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын милдеттерин турмушкаашыруунун артыкчылыгын камсыз кылуу; - мамлекеттик бийликтин институттарынын аракеттерине Кыргызстанкалкынын ишенимин жогорулатууга көмөктөшүү; - Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруу боюнча оњтажрыйбаны эларалык, республикалык жана жергиликтүү дењгээлдердедањазалоо; - Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруунункатышуучуларынын ортосунда натыйжалуу кайчы байланышты камсыз кылуу; - Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруунункатышуучуларынын ортосунда ЖМКлар, электрондук жана башка байланышкаражаттары аркылуу жигердүү маалымат алмашууну камсыз кылуу. IV. Улуттук кењештин функциялары жана ыйгарым укуктары 9. Улуттук кењештин функциялары болуп төмөнкүлөр саналат: - Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашырууга коомдунбардык катмарларын тартуу аркылуу Кыргызстан калкын өнөктөштүктүн жанажигердүү катышуунун негизинде баш коштуруу; - ачыктыктын, өз учурунда аткаруунун, ишенимдүүлүктүн жанажеткиликтүүлүктүн принциптеринде Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынтурмушка ашыруу боюнча бардык процесстердин ачыктыгын камсыз кылуу; - Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын максаттарын жанамилдеттерин дањазалоо жана пропагандалоо; - төмөнкүлөрдү координациялоо: Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашырууну; Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруунункатышуучуларынын өзара аракеттенүүсүн; мамлекеттик башкарууну реформалоону; социалдык жана экономикалык тармактардагы реформалоону; Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын тармактык жана региондукпрограммаларын; кыска мөөнөттүү жана орточо мөөнөттүү программаларды; Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруу механизмдерин; - төмөнкүлөрдүн мониторинги: Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруунун; мамлекеттик башкаруу реформаларынын; социалдык жана экономикалык тармактардагы реформалоонун; Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын тармактык жана региондукпрограммаларын турмушка ашыруунун; өнүктүрүүнүн кыска мөөнөттүү жана орточо мөөнөттүүпрограммаларынын; - төмөнкүлөрдү системалык талдоо: мамлекеттик башкаруу, социалдык жана экономикалык саясатчөйрөлөрүндөгү реформалардын жүрүшүн; Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын тармактык жана региондукпрограммаларын турмушка ашырууну; тышкы экономикалык жана саясий факторлорду; Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруунун жүрүшүжөнүндө коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын; кыска мөөнөттүү жана орточо мөөнөттүү программаларды турмушкаашырууну; - төмөнкүлөргө баа берүү: Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын, аны менен байланышканчараларды жана программаларды, жетишилген натыйжаларды турмушкаашырууга; сунуш кылынган тармактык, региондук, инвестициялык жана башкапрограммалар Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын максаттарына,принциптерине жана артыкчылыктарына ылайык келе тургандыгына жежоктугуна; Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын, кыска мөөнөттүү жана орточомөөнөттүү программаларды турмушка ашыруу боюнча мамлекеттик башкарууоргандарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүүөзалдынча башкаруунун, уюмдар менен мекемелердин жетекчилеринин ишине; өлкөнүн ресурстук мүмкүнчүлүктөрүнө жана аны өнүктүрүүкелечектерине. - коррекциялоо боюнча сунуштар: кыска мөөнөттүү жана орточо мөөнөттүү максаттарды, милдеттерди жана өнүгүү параметрлерин; Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын максаттарына жетишүү механизмдерин жана ыкмаларын өркүндөтүү; бөлүштүрүлгөн ыйгарым укуктардын жана жоопкерчиликтин алкагында өнүктүрүү программаларын турмушка ашыруу боюнча сунуштарды Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын катышуучуларынаиштеп чыгуу. 10. Улуттук кењеш төмөнкүлөргө укуктуу: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптетөмөнкүлөрдү кароого жана бекитүүгө сунуш кылууга: Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруунун орточомөөнөттүү программаларын; Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруунун региондукпрограммаларын; Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруу боюнча орточомөөнөттүү программаларды жана ишчараларды жүзөгө ашыруу ишчараларынынжана механизмдеринин комплекстерин; Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруу боюнча жылдыкжана аралык отчетторду, кыска мөөнөттүү жана орточо мөөнөттүүпрограммаларды; - Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын программаларын жанаишчараларын турмушка ашыруунун жүрүшүн андан ары өркүндөтүү боюнчатиешелүү рекомендацияларды жана сүнуштарды кабыл алууга жана КыргызРеспубликасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттикоргандарына киргизүүгө; - Улуттук кењештин мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, жергиликтүүмамлекеттик администрациялардын, башка уюмдар менен мекемелердинжетекчилерин угууга жана Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушкаашыруу боюнча алардын ишине баа берүүгө; - Улуттук кењештин жыйналыштарына (алдын ала макулдашуу боюнча)жарандык коомдун өкүлдөрүн чакырууга жана Кыргызстанды өнүктүрүүстратегиясын турмушка ашыруу боюнча алардын пикирлерин жана сунуштарынугууга; - Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруу мененбайланышкан проблемаларды карап чыгуу боюнча улуттук чогулуштарды,форумдарды, конференцияларды жана семинарларды чакыруу боюнча чечимкабыл алууга; - Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча стратегияны турмушка ашыруу мененбайланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдарга тапшырмаларды жанаөкмөттүк эмес уюмдарга сунуштарды берүүгө. V. Улуттук кењештин курамы, ишинин регламенти жана түзүмү 11. Кыргыз Республикасынын Президенти Улуттук кењештин төрагасыболуп саналат. Улуттук кењештин мүчөлөрү анын жыйналыштарына жеке,алмашуу укугу болбостон катышат. 12. Улуттук кењештин иш планы анын жыйналыштарында бекитилет. Күнтартибин Улуттук кењештин төрагасы бекитет. Улуттук кењештинжыйналыштары жарым жылда кеминде бир жолу өткөрүлөт. 13. Улуттук кењештин ишин анын жумушчу органы - КыргызРеспубликасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялыкөнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн жалпы координациясы астында камсызкылат.