Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 27-сессиясы
2019-жылдын 25-декабры №27/115
Кызыл–Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) жайыт комитети жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө жана «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына негиз, шаардык кеңештин Ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019–жылдын 6–9–ноябрындагы №28 протоколунун чечимин, Кызыл-Кыя шаарынын «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019–жылдын 27–майындагы кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл–Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) нын:
1) Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү 2019-2023-жылдарга планы бекитилсин;
2) 2019-жылга жана 2020-жылга бюджеттери бекитилсин;
3) Жайыттарды пайдалануу боюнча ички эрежелери бекитилсин;
4) Автогрейдер айдоочу менен жайыт комитети менен түзүлгөн келишим бланкасы бекитилсин;
5) Балансындагы ХСМG автогрейдерин өндүрүштө пайдалануу жөнүндө ЖОБОСУ бекитилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |